“Арам ою бар “лжепатриоттор”, «калпычылар”. Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө “кастык тили” колдонулган (Фактчекинг)

Социалдык тармакта Жетим-Тоо кенин казуу боюнча кызуу талкуу жаралгандан улам президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазган. Анда ал “азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок” деген оюн билдирген.

“Арам ою бар “лжепатриоттор”, "калпычылар”. Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө “кастык тили” колдонулган (Фактчекинг)

Садыр Жапаров өзүнүн постунда “Жетим-Тоону бирөөлөргө бергени жатат деп, калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла. Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар “лжепатриоттор”, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла” деп жазган.

“ПолитКлиника” медиасы президенттин билдирүүсүндө “кастык тили” колдонулганын аныктады.

“Кастык тили” деген эмне?

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. 

Адам укугундагы универсалдык жана аймактык документтер «кастык тилин» аныктоо жана ага чектөө коюу үчүн түрдүү стандарттарды эске алат: ал варианттар ар кандай улуттук мыйзамдарда чагылдырылган. Күнүмдүк жашоодо бул терминди колдонуу жана ага берилген маанилер, «кастык тилин» укуктук көзөмөлгө салууга чакырык катары да берилет. Мындай көрүнүш бул терминдин айланасындагы тактыктын жана адам укугу үчүн маанисинин жоктугун түшүндүрүп турат. 

“Арам ою бар “лжепатриоттор”, "калпычылар”. Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө “кастык тили” колдонулган (Фактчекинг)

“Кастык тили” түшүнүгү абдан кеңири болгондуктан классификациялоо оор. Мыйзам боюнча бирөөнүн аброюна шек келтирүү үчүн жаза каралган. Бирок “кастык тили” белгилүү бир группага же топко айтылып, “макал-лакап” же тамаша менен коштолсо ал сөз бурмаланганын же кемсинткенин аныктоо оорлошот. Кастык тили көбүнчө дини, улутуна, сырткы келбети же башка саясий көз карашы үчүн колдонулушу мүмкүн.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын” “Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” деген бөлүмүнүн 16-беренесинде: “Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык… Эч ким жынысы, рассасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес”, — деп жазылат.

Президенттин кайсы сөзүндө “кастык тили” колдонулган?

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына Жетим-Тоо кени тууралуу жазган постунда “Арам ою бар “лжепатриоттор”, «калпычылар” деген сөздөрдү колдонгон. Бул терс баа берүүчү, ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ.

Садыр Жапаровдун жогорудагы сөздөрү “Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча “Дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактаган мүнөзү боюнча дискриминациялык жек көрүүгө үндөө” деген түрүнө кирет. 

“Арам ою бар “лжепатриоттор”, "калпычылар”. Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө “кастык тили” колдонулган (Фактчекинг)

Эске салсак, буга чейин “ПолитКлиника” медиасы президент Садыр Жапаров 25-апрель күнү  “Кабар” маалымат агенттигине берген мурдагы маегинде  “Иликтегич. Жалданма, ниети бузук медиаөкүлдөр” деген сыяктуу кастык тилдерин колдонгонун аныктаган.

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына Жетим-Тоо кени тууралуу жазган постунда “Арам ою бар “лжепатриоттор”, калпычылар” деген сөзүндө “кастык тили” колдонулган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты