Ички иштер министрлигине кызматтык жаңы 19 унаа тапшырылды


Ички иштер министрлигине (ИИМ)  “Альянс Алтын”  ААК компаниясы   “Chevrolet Nexia” үлгүсүндөгү  19 унаа тапшырды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Унаа тапшыруу аземине  “Альянс Алтын”  компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Жаңы унаалардын көбү аймактардагы ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилди. Алсак, Жалал-Абад ОИИБге-4, Чүй ОИИББге-4, Ысык-Көл ОИИБге-9, ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө-1.
Андан сырткары, бүгүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси рейондун аймагындагы калкты тейлөө үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына милициянын көчмө кабылдамасы катары иштей турган “Газель” үлгүсүндөгү унаа тапшырды.

Маалымат үчүн:   “Альянс Алтын”  ААК компаниясы Талас облусундагы Жерүй  кенинде алтын өндүрүп иштетет. 2016-жылдан бери бул аймакты өнүктүрүү үчүн 900 миллион
сом бөлүп берген.  Долбоорлордун көбү “Альянс Алтын”  ААК компаниясынын
өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылат.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты