Ибраим Нуракун уулу Акыйкатчынын кеңешчиси болуп дайындалды

  • 7 месяцев мурун

Ибраим Нуракун уулу Акыйкатчынын кеңешчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка 18-сентябрда кол коюлгандыгын Акыйкатчы институту кабарлады.

Ибраим Нуракун улуу  буга чейин Жогорку Соттун төрагасынын кеңешчиси кызматында иштеген. Көп жылдар бою Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеп келген. Улуу Британиянын BBC телерадиоберүү корпорациясынын продюсери, атайын кабарчысы жана журналистти болуп иштеген.

Ошондой эле “Борбор Азиядагы Медиафонд” коомдук фондунун негиздөөчүсү болуп саналат, депутаттар жана мамлекеттик органдар үчүн ЖМК жана коомчулук менен байланышуу жана коммуникация боюнча тренингдерди өткөрүп келет.

“Ибраим Нуракун уулунун Жогорку Кеңеште иштеген зор тажрыйбасы, ошондой эле өлкөдөгү жагдайларга карата объективдүү көз карашы адам укуктарын коргоого багытталган Акыйкатчы институтунун өнүгүүсүнө көмөк берет” деп белгиледи Акыйкатчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты