Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалды

  • 1 месяц мурун

Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы кызматын аркалап келген.

Жылдыз Шеримбекова Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Жайнак Үсөн уулу 2015-2019-жылдары «НТС» телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматын аркалап, ал эми 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын жетектеген. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамынын демилгечилеринин жана авторлорунун бири. 

Жайнак Үсөн уулу санариптик телеберүүгө өтүү жана аны ишке киргизүү багытында кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүп, 2015-2019-жылдары «Санариптик технологиялар» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп эмгектенген.

Сүрөттө: Жайнак Үсөн уулу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты