ХАМАС дагы 10 израил жаранын барымтадан бошотту

  • 5 месяцев мурун

АКШда жана Европа биримдигинде (ЕБ) террордук уюм деп таанылган ХАМАС тобу Кызыл чырым уюмуна барымтада кармалып турган кезектеги израил жарандарын өткөрүп берди.

Маалыматтарга ылайык, барымтадан бошотулгандардын арасында тогуз аял жана 17 жаштагы бир кыз бар. Бул израил жарандарынан тышкары барымтадан Таиланддын эки жараны да бошотулганы кабарланууда.

Өз кезегинде Израил да бул күнү өз абактарында камакта отурган бир нече палестиналыкты бошотушу керек.

Эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды алмашуу боюнча макулдашуу күчүнө кирген 24-ноябрдан баштап ХАМАСтын барымтасындагы 51 израилдик жана 20дан ашуун чет өлкөлүк бошотулду. Чет өлкөлүк жарандарды өз мамлекеттеринин бийликтери дипломатиялык каналдары аркылуу барымтадан чыгарууда.

АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен түзүлгөн төрт күндүк макулдашуунун алкагында ХАМАС барымтадагы 50 израилдикти, Израил түрмөдөгү 150 палестинди бошотмок. Мындан тышкары Газа тилкесинде ок атышуу токтоп, курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам, анын ичинде күйүүчү май киргизилмек. 27-ноябрда макулдашуу эки күнгө узартылган.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун операция баштаган.

7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагында барымтага 220 кишини алган. Куралдуу жоочулар жөөт шаар-кыштактарына кол салганда 1 200 кишинин өмүрү кыйылган.

24-ноябрда Газа тилкесинен Египет аркылуу “Каир-Москва” багыты менен Кыргыз Республикасынын эки жараны эвакуацияланганын КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты