Хабаровск шаарында полициядан ок жеген кыргыз жаранынын абалы оор

  • 8 месяцев мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Орусиянын Хабаровск шаарында полициянын огунан оор жараат алган кыргызстандык жаран тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 24-августта кечинде шаардагы автовокзалда полициянын рейди учурунда 2003-жылы туулган Кыргызстандын жараны машинасы менен качууга аракет кылган жана укук коргоо органынын кызматкерин сүзүп алган.

«С.Р. аттуу кыргызстандык жарандын мыйзамсыз иш-аракетин токтотуу үчүн ага курал колдонулган. Натыйжада ал жаранга ок тийген жана кармалган. Учурда С.Р. оор абалда ооруканада жатат. Бул окуяга байланыштуу Орусиянын тергөө комитети кылмыш-жаза кодексинин 317-беренеси (укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө коркунуч жаратуу) менен кылмыш ишин козгоду. Аны камакка алууга байланыштуу бөгөт чарасын тандоо маселеси чечилип жатат. Элчилик жана Кыргызстандын Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу керектүү консулдук-укуктук жардам берүү үчүн анын туугандары менен байланышты» деп жазылган маалыматта.

Министрлик терс кесепеттердин алдын алуу максатында чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары ошол мамлекеттин мыйзамын так аткарышы керектигин эскертти.

Полициянын огунан жараат алган кыргыз жаранынын жакындары буга байланыштуу комментарий бере элек.

Орусияда иштеп, жашап жүргөн кыргыз жарандарынын расмий саны бир миллиондон ашат.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты