Грузияда чет элдик агент тууралуу мыйзам киргизгени жатышат. Жарандык коом буга каршы чыгууда
- 2 года мурун
Грузияда чет элдик агент тууралуу мыйзам киргизгени жатышат. Жарандык коом ага каршы чыгууда.
Грузиядагы “Элдин үнү” кыймылы демилгелеген мыйзам долбооруна 400гө жакын өкмөттүк эмес уюм жана жалпыга маалымдоо каражаттары каршы болууда.
Мыйзам долбооруна ылайык, чет жактан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары “чет элдик таасирдеги агенттер” катары катталышы керек.
Демилгечи топ Rondeli Foundation —Грузиядагы стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр Фондунун сайтына жарыяланган петицияга кол коюшууда.
Укук коргоочулар жана медиа уюмдар бул демилгени “орусиялык мыйзам долбоору” катары эсептеп, ал Грузиянын жарандарына каршы багытталганын белгилеп жатышат.
“Биз, Грузия эли, парламенттеги көпчүлүк тарабынан демилгеленип, төрага жана башка депутаттар колдогон мыйзам долбооруна каршыбыз. Орусиялык бул мыйзам долбоорун кабыл алуу аракети көз карандысыз жарандык коомго жана сынчыл маанайдагы жалпыга маалымдоо каражаттарына гана эмес. Грузия элине каршы урулган сокку болуп эсептелет” деп айтылат петицияда.
Орусияда ушундай мыйзам киргизилгенден кийин, көптөгөн уюмдар ишин токтотууга аргасыз болушкан. Ал эми иштеп калгандары көзөмөлдүн күчөгөнүн, аңдуу жана репрессиялар күчөгөн кырдаалга туш келишкен. Бул Грузия көп жылдары күрөшкөн башкаруу түрү эмес, Орусиянын мыйзамы Грузия жарандары көздөгөн максат эместиги айтылат.
Бул Грузиянын Европа биримдигине кирүүсүнө да тоскоолдук келтирип, Грузиянын миңдеген жарандарына сан жеткис тоскоолдуктарды алып келээри петицияда айтылат.
Сүрөт: NETGAZETI.GE