Грек-рим күрөшүнүн балбаны кармалды

Бишкекте грек-рим күрөшүнүн балбаны, Азия чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси жана Олимпиада оюндарынын катышуучусу М.Р. кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирди.

(Аталган инициал Мурат Рамоновго туура келет).

Маалыматта айтылгандай, 3-апрелде болжол менен саат 16:15 чамасында Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде кызмат өтөп жаткан Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери «Li» үлгүсүндөгү унааны токтотуу үчүн айдоочуга эскертүү берилген.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, айдоочу 1990-жылы туулган М.Р., грек-рим күрөшүнүн балбаны, Азия чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси жана Олимпиада оюндарынын катышуучусу болуп чыккан. Ал агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, орой сөздөрдү колдонуп, милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбегендиги белгиленди.

Республикалык психиатрия жана наркология борборуна медициналык кароого жөнөтүлгөндө, баңгизат колдонуудан улам мас абалында экени аныкталган.

Ошол эле күнү М.Р. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126 (майда бейбаштык) беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ал Бишкек шаарынын ИИББнын атайын кабыл алуу жайына 3 суткага камакка алынган.

Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (сатуу максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, күрөң-жашыл түстөгү зат салынган ширеңке кутусу табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат баңгизат экени аныкталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты