Грецияда поезддер кагышып, адамдар курман болду. Мамлекет башчынын көңүл айтуусу

Би-би-Синин маалыматы боюнча, Грецияда 1-мартта, Лариса шаарынан анча алыс эмес жерде, поезддер кагылышып, 36 киши каза болгон, 66 киши жаракат алган.  

Жүргүнчүлөр поезди Афины шаарынан Салоникиге бара жаткан, аны утурлай Салоникиден Ларисага жүк ташуучу поезд чыккан. Эки поезд эмнеге бир рельсте болуп калган жагдай иликтенүүдө.  

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Грециянын президенти Катерина Сакелларопулуга темир жол кырсыгынан көп сандаган адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“2023-жылдын 1-мартында Грецияда поезддердин кагылышуусунун кесепетинен адамдар каза болду жана көптөгөн зыян келтирилди, деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми жабыр тарткандардын эртерээк сакайып кетишин каалайм”деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты