“Голден магнат” ишканасынын кампасынан чыккан өрт өчүрүлдү

  • 11 месяцев мурун

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында жайгашкан «Голден магнат» ишканасынын кампасынан чыккан өрт 4-июнда түнкү саат 02:00 де өчүрүлдү .

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт 3-июнда болжол менен саат 22:16 чамасында  чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 22:18де башталган. Тилсиз жоо саат 23:38де чектөөгө алынып, саат 02:00де күйүп жаткан өрт толугу менен өчүрүлдү.

Өрт кырсыгынын кесепетинен кампанын болжол менен жалпы 250 чарчы метр жери күйгөн.

Ал эми болжол менен 650 чарчы метр жери өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинен улам сакталып калды.

Ишкананын жетекчисинин маалыматына ылайык, кампанын ичинде 300кг. селитра жана 1000кг. сода болгон.

Өрттүн кесепетинен жаракат алгандар жок.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты