Go Viral — Ошто: Эксперттер жана болочок адистер креативдүү экономиканы өнүктүрүү жолдорун аныкташат

  • 12 месяцев мурун

Ош шаарында технологиялар менен чыгармачылыкка арналган Go Viral Osh 2023 аймактык иш-чарасы болуп өтөт. Ага төрт тармактын: медиа, бизнес, маданият жана технологиялардын өкүлдөрү катышмакчы.

Иш-чара АКШ мамлекеттик департаментинин жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда 28-29-апрелде Ош мамлекеттик университетте болуп өтмөкчү.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чаранын башкы темасы – туризм жана айыл чарба алкагындагы креативдүү экономика. Go Viral Osh программасы чыгармачыл эргүүлөр биздин ичибизде деген идеянын айланасында курулган.

 “Биз аймак ичинде кызматташып баштап, ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүн изилдеп, өнүгүүнүн жаңы чечимдерин табышыбыз керек” деп белгилешет иш-чара уюштуруучулары.

Бул Go Viral үчүн Кыргызстан борбор шаарынын чегинен тышкаркы биринчи масштабдуу иш-чара. Иш-чаранын негизги спикерлери катары АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лессли Вигери, Ош шаарынын көркөм сүрөт музейинин директору Бактыгүл Мидинова, бир катар эл аралык инновациялык стартаптардын негиздөөчүсү Эдил Ажибаев, журналист Алтынай Мамбетова, «Лидер И Ко» ЖЧКсынын башкы директору Жазгүл Жунусбаева, фотограф, режиссер жана Metr Group, Мерри Гарден Карман негиздөөчүсү Тумар Ибраимов жана башкалар чыгат.

Спикерлердин сөздөрү менен катар интерактивдүү сессиялар, воркшоптор, панелдик талкуулар, музыкалык программалар жана жарманке өтмөкчү.

Go Viral Osh катышуучуларына жаңы байланыштарды таап, жумуш, ментордук же стажировкадан өтүү сунуштарын алууга жол бермекчи. Эки күндүк программанын алкагындагы түрдүү иш-чаралар маалында түрдүү ишмердүүлүк тармагынын кесипкөйлөрү-тилектеш өкүлдөрү менен жолугуп, пикир алышууга болот.

2023-жылы Go Viral фестивалы Ташкент, Ош, Душанбе, Астана жана Ашхабад сыяктуу Борбор Азиянын 5 өлкөсүндө өтөт.

 Өткөн айда 17-18-мартта аталган иш-чара Ташкентте өткөн. Кийинки өтүүчү жери – Кыргызстандын Ош шаары.

Спикерлер, сессиялар туурасында кененирээк маалымат алып, каттоодон өтүү үчүн Go Viral веб-сайтына кириңиз.

ЖМК маселелери боюнча Go Viral Кыргызстандагы Амбассадору – Назик Мамасадыковага [email protected] электрондук почтасы аркылуу же +996706012343 телефону аркылуу байланышууга болот.

Маалымат: Go Viral Festival & Network – бул медиа, бизнес, маданият жана технологиялар жаатындагы эксперттердин жана адистердин АКШдан чакырылган коноктордун катышуусунда өтүүчү глобалдык нетворкинги.

2021-жылдан тартып долбоор АКШнын Мамлекеттик департаментинин каржылык колдоосунда IWPR CA тарабынан ишке ашат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты