Германияда сот Усмановдун яхтасы менен виллаларын тинтүүнү мыйзамсыз деп тапты

  • 11 месяцев мурун

Майндагы Франкфурт  шаарынын соту Башкы прокуратуранын орус олигархы Алишер Усмановдун яхтасын жана виллаларын тинтүү  чечимин мыйзамсыз деп тапты.

Ошол эле учурда Усмановго байланыштуу башка чечимдер күчүндө. Ал салык төлөөдөн качкан жана санкцияларды бузган деп шектелүүдө.

Сентябрда Федералдык кылмыш башкармалыгынын жана салык кызматынын кызматкерлери Усмановдун Тегернзе көлүндөгү виллаларын, Франкфурттагы батирлерин жана Бремен портундагы “Дилбар” яхтасын тинтүүгө алышкан. Документтери жана баалуу буюмдары конфискацияланган. Der Spiegel жазгандай, Франкфурттун экинчи инстанциядагы соту бул тинтүүлөрдү мыйзамсыз деп тапты.

Тергөөнүн жүрүшүндө Усмановдун банк эсептеринен шектүү операциялар аныкталган. Бирок сот тинтүү жетиштүү түрдө далилденген эмес деген тыянак чыгарды. Судьялардын айтымында, тергөөчүлөр Усманов эмне үчүн арам акчаны адалдоого шектелип жатканын жетиштүү түрдө негиздеп бере алышкан эмес.

Бул арада санкциялык режимди бузган деген шек менен орусиялык ишкерге каршы тергөө иштери уланууда. Жакында Мюнхендин экинчи инстанциядагы соту Усмановдун адвокаттарынын тинтүүгө каршы арызын канааттандырган жок. Андыктан конфискацияланган буюмдар жана документтер 69 жаштагы ишкерге кайтарылбайт.

Сүрөт: АР

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты