Геология — өлкөнүн бюджет түзүүчү тармагынын бири. Куттуктоо

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде, геологдор күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-Геология тармагы Кыргыз Республикасынын экономикасынын бюджетин түзүүчү жана стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат.

Биздин баа жеткис байлыгыбыз – жер казынабыз социалдык-экономикалык жана рекреакциялык мүнөздөгү көптөгөн курч маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушуга байланыштуу жер казынасын жана кен байлыктарын туура пайдалануу жаатында туруктуу саясатты камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты катары каралууга тийиш.

Геологдордун талыкпас эмгегинин аркасында Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьелук базасы түзүлдү. Алдыбызда аны өнүктүрүү, коргоо, ырааттуу жана сарамжалдуу пайдалануу милдети турат.

Биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө инвестиция тартууга шарттарды түзүү менен бирге дүйнөлүк алдыңкы ыкмаларды өздөштүрүүгө умтулуубуз зарыл, -деди Садыр Жапаров.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты