Генералдар катары көбөйдү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдарды ыйгарды.

Президенттин жарлыгына ылайык:

— Ички иштер министри Улан Ниязбековго милициянын генерал-лейтенанты наамы ыйгарылды;

— Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго генерал-лейтенант;

— Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге милициянын генерал-майору;

-Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовго милициянын генерал-майору наамы ыйгарылды;

— Коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраевге генерал-майор;

-УКМК  төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы Жумгалбек Шабданбековго генерал-майор;

— Коргоо министрлигинин 01003-аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мукамбетовго генерал-майор наамы ыйгарылды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты