Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акция өтүүдө

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында жыл сайын өтүүчү гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк эл аралык акция жүрүүдө.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, иш-чара 25-ноябрда аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрга, адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин уланат.

Жыл сайын UNITE кампаниясы белгилүү бир темага багытталган. Бул жылы ал «Пекин декларациясынын жана иш-аракеттер платформасынын 30 жылдыгы: Аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн биригиңиз» темасына арналды.

Кампания кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде КР өкмөтүн, жарандык коомду, эл аралык жана финансылык уюмдарды, жеке секторду, искусство ишмерлерин, спортту, ЖМК өкүлдөрүн жана башка чөйрөлөрдү бириктирет.

Бул биргелешкен аракеттер аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча чараларды активдүү илгерилетүү жана ишке ашырууга багытталган.

Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин окуучулары, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар үчүн борборлордун тарбиялануучулары үчүн семинарларды өткөрүү, «Жакшылык миссиясы» эл аралык программасынын алкагында социалдык өнүктүрүү кызматынын кызматкерлерин окутуу ж.б. пландаштырылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты