Үгүттү эрте жүргүзгөн Шыкмаматовго  айып салынды  

  • 2 года мурун

“Ынтымак” саясий партиясынан парламенттик шайлоого талапкер Алмамбет Шыкмаматовго үгүт иштерин эртелеп жүргүзгүндүгү үчүн айып салынды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 13-ноябрда “Социал-демократтар” партиясынан Таалайбек Усубалиевдин арызы каралды. Анда арыз ээси үгүт иштерине чейин, 24-октябрда, КТРКда “Биздин айыл” аттуу 25 мүнөттүк фильм көрсөтүлгөнү тууралуу айтылган.  

“Программада Шыкмаматов бала чагы, Жумгал районунун Кызарт айылынын көйгөйлөрү тууралуу сөз кылган. Талапкер айылдын көйгөйлөрүн жана аны чечүүнүн жолдорун биле турганын билдирген. Бул өзүн-өзү жарнамалоо жана үгүт иштери расмий башталгыча эле үгүттөө болуп саналат” деди Усубалиев.   

Фильм үгүт башталганга чейин 5 күн мурун чыкканы белгиленди.

БШК Алмамбет Шыкмаматовго 7500 сом айып салды. Бирок КТРКга жана ал мүчө болгон “Ынтымак” партиясына айып салынган жок.       

Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы парламенттик шайлоого «Ынтымак» саясий партиясынын тизмеси менен бара жатат.    

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты