Үгүт иштерине аралашкан маданият кызматкерлери иштен алынды

  • 3 года мурун

Шайлоо өнөктүгүнө катышканы үчүн бир катар маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду. Айрымдарына сөгүш берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Ош улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Суранчы Жетимишев кызматтан алынып, “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу, Алай райондук маданият үйүнүн директору Эдил Бакаев, Токмок шаарындагы бокс боюнча машыктыруучу өздөрү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Мындан сырткары А. Сүйүнбаев атындагы Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалимине, Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин директорунун орун басары Марат Раишовго сөгүш берилди.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты