​Гүлнара-Клара Самат Россиядагы элчи болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Сооронбай Жээнбеков отставкага кетээр алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Гүлнара-Клара Самат мурда Клара Кабилова аттуу ысым менен белгилүү болгон.

Курманбек Бакиев Президент кезиндеги басма сөз катчысы, БШК экс-төрайымы болгон. БШК экс-төрайымы кезинде Максаим Бакиевдин коркуткандыгына байланыштуу 2008-жылы өлкөдөн чыгып кеткен.

Өлкөгө кайтып келгенден кийин “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон. Фракциянын ишине активдүү катышпагандыгына байланыштуу «Ата Мекен» фракциясынын депуттаттык мандатынан ажыратылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты