Гүлнара-Клара Самат КРСУнун проректору болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
28-январда Гүлнара-Клара Самат Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) проректору болуп дайындалганы тууралуу аталган окуу жайдын сайтында маалымдалды.
Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2021-жылы февраль айында дайындалган. 2024-жылы Кыргызстандын Россия жана Армениядагы элчиси кызматынан бошотулган.
Гүлнара-Клара Самат мурда Клара Кабилова аттуу ысым менен белгилүү болгон. Курманбек Бакиев президент кезиндеги басма сөз катчысы, БШК экс-төрайымы болгон. БШК экс-төрайымы кезинде Максим Бакиевдин коркуткандыгына байланыштуу 2008-жылы өлкөдөн чыгып кеткен.
Өлкөгө кайтып келгенден кийин “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон. Фракциянын ишине активдүү катышпагандыгына байланыштуу, «Ата Мекен» фракциясынын депуттаттык мандатынан ажыратылган.
Сүрөттө: Гүлнара-Клара Самат. Интернет булактарынан