Футболду өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол коюлду

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлык менен Министрлер кабинетине Кыргыз футбол союзу менен бирге 2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоорун даярдоо жана бекитүү тууралуу тапшырма каралган.

Программанын милдети футболду өнүктүрүүгө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү, коомдун турмушунда футболду активдүү жайылтууга көмөктөшүү, калктын ар кайсы катмарына спорт менен машыгуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу саналат.

Иллюстрациялык сүрөт: www.kfu.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты