Футбол: Кыргызстандын жана Катардын курама командалары беттешет
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 25-мартта, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Катар курама командаларынын ортосунда футбол боюнча беттешет. Иш-чара саат 18:00дө башталат.
Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Ошондой эле бул күнү стадиондо Кыргызстандын маданиятын чагылдырган этно инсталляциялар, элдик кол өнөрчүлөр, жаркын образ үчүн бекер аквагрим, футболго тийиштүү оюн-зооктор жана интерактивдер.
Бардык коноктор үчүн ооз ачуу уюштурулат. Чоң казандардан даамдуу плов акысыз таркатылат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү