Футбол: Кыргызстан курама командасы Катар командасын 3:1 эсебинде жеңди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 25-мартта, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан жана Катар курама командаларынын ортосунда футбол боюнча беттеш өттү. Кыргызстан командасы Катар командасын 3:1 эсебинде жеңип алды.
Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Бул 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагындагы беттеш болду, Кыргызстандын улуттук курама командасы Азиянын учурдагы чемпиону Катар командасын 3:1 эсебинде утуп алды.
Кыргыз футбол биримдиги орозо айынын бул күнүндө 7 миңдей кишиге ооз ачар жана этностилдеги оюн-зоок программасын даярдады.
Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги
Муну бөлүшүү