Футбол: Кыргызстан курама командасы БАЭ командасы менен беттешет
- 2 недели мурун
Бүгүн, 10-июнда, Бшкек шаарында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмраттарынын курама командасы менен беттешет.
Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Иш-чара Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 17:30да башталат. Беттеш саат 19:45 башталат.
Бул мелдеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын III тандоо раундунун алкагында болмокчу.
БАЭ футбол командасы Бишкекке келди.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоого 3 миңге жакын милиция кызматкери тартылат.
Буга чейин эки команда үч жолу беттешип, үчөөндө тең Бириккен Арап Эмираттарынын курамасынын жеңиши менен аяктаган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү