Франциядагы баш-аламандыкта 150 киши кармалды

  • 10 месяцев мурун

Францияда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин башталган башаламандыктар бейшембиге караган түнү да уланды.

Өлкөнүн ички иштер министри Жеральд Дарманен Париждеги жана Франциянын башка аймактарындагы нааразылык акцияларда 150дөн кем эмес киши кармалганын билдирди.

Топтолгон адамдар ондогон автоунааларды өрттөп, көчөлөрдү тосуп, дүкөндөрдү тоноп, полиция кызматкерлерине таш ыргытышты. Жооп катары тартип сакчылары аларга каршы көздөн жаш агызчу газ колдонду.

Баш-аламандык учурунда чогулгандар Френ шаарындагы чоң түрмөнүн кире беришине фейерверк атышты. Le Monde басылмасы алар түрмөгө кире албаганын жазды.

Жарандар Тулуза жана Лион өңдүү шаарларда да полиция менен кагылышты.

Каргаша 27-июнда Париждин четиндеги Нантер шаарында болгон. Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу өспүрүм тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары аны аткан 38 жаштагы полиция кызматкери камакка алынганын кабарлашты.

Президент Эммануэль Макрон кейип турганын айтып, зордук-зомбулукту токтотууга жана «адилеттик жеңип чыгышы үчүн» элди сабырдуулукка чакырды. Ал ошондой эле окуяны тез арада иликтөөнү талап кылды.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты