Forbes: мобилизация башталгандан бери Орусиядан 700 миң киши чыгып кетти

  • 2 года мурун

Владимир Путин аскердик мобилизация жарыялагандан кийинки эки жума аралыгында Орусиядан 700 миңдей киши чыгып кетти.

Бул тууралуу Forbes журналы Орусия Президентинин администрациясындагы өз булагына таянуу менен билдирди.

Кремлдеги маалыматтар менен тааныш булак мобилизация башталгандан бери өлкөдөн 1 млн киши чыгып кеткенин кабарлаган. Бирок администрациядагы башка бир булак кеп 600-700 миң орусиялык жөнүндө болуп жатканын айткан. Ошол эле маалда алардын канчасы туризм максатында чыкканын аныктоо кыйын экенин белгилеген.

Буга чейин Казакстандын ички иштер министри 21-сентябрдан бери өлкөгө 200 миңдей орусиялык киргенин, алардын 147 миңи Казакстандан чыгып кетүүгө үлгүргөнүн маалымдаган.

Эки жума мурун, 21-сентябрда, Орусиянын Президенти Владимир Путин резервде турган жарандарды жарым-жартылай мобилизациялоо жарлыгын чыгарган.

Сүрөт: APF.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты