Финансы, экономика жана IT тармактары боюнча республикалык олимпиада жыйынтыкталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-мартта, Кыргызпатенттин инновациялык борборунда «Банк Азии-ФинОлимп 2022» жалпы республикалык олимпиаданын финалы өттү.

Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы форматтагы жалпы республикалык олимпиада студенттер жана жаш профессионалдар арасында финансы, экономика жана IT тармактары боюнча болду.

Финалдык жарышка 9 команда катышып, финалга чыккандар 48 сааттын ичинде компаниялар тарабынан коюлган тапшырмаларды иштеп чыгышып, даяр болгон продуктуну жана чечимдерди калыстар тобуна презентациялашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сертификаттар менен сыйланышты.

1-орун – “Өзбек суму” командасына (85 000 сом);

2-орун – “USD Coin” командасы (42 500 сом);

3-орун – “АКШ доллары” командасына (25 500 сом) ыйгарылды.

Жалпы республикалык олимпиада ProKG профессионалдар клубу, “Билим берүү демилгелери фонду” коомдук фонду жана Кыргызпатент тарабынан уюштурулду.

Сүрөттөр: Кыргызпатенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты