Financial Times: Эгер ЕБ санкция мөөнөтүн узартса, АКШ Украинага $50 млрд. насыя берет

  • 2 месяца мурун

Эгер Европа биримдиги (ЕБ) Орусияга каршы киргизген санкцияларын белгисиз мөөнөткө узартса, АКШ Украинага 50 миллиард доллар өлчөмүндө насыя берүүгө даяр. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, бул сунушту АКШнын жана ЕБге мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлери 5-июнда өткөн онлайн форматтагы жолугушууда талкуулады.

Украинага бериле турган насыя Орусиянын Европада тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешелердин эсебинен төлөнөт деп болжолдонууда. АКШ бул үчүн ЕБ Орусияга каршы киргизген санкцияларын, анын ичинде активдерди тоңдуруу чечимин Украинадагы согуш аяктаганга чейин же Москва Киевге келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө макул болгонго чейин узартышы керек деп эсептөөдө.

Буга чейин жогорудагы шарт менен Украинага насыя берүү ыктымалдыгы жөнүндө АКШнын каржы министри Жанет Йеллен айткан. Орус активдеринин кирешелерин колдонуунун жолдору 13-15-июнь күндөрү Италияда өтө турган «Чоң жети» саммитинде талкууланат деп күтүлүүдө.

Орусиянын Европада тоңдурулган активдеринен түшкөн 3 миллиард еврого жакын кирешени Украинага жардам берүү үчүн колдонууга Венгрия каршы болуп келет. Тиешелүү чечим кабыл алынышы үчүн бул демилгени ЕБге мүчө өлкөлөрдүн баары колдошу керек болот. Евробиримдик азыр Орусияга каршы киргизилген санкцияларынын мөөнөтүн ар жарым жыл сайын узартып келет.

Учурда Орусиянын тоңдурулган активдерин конфискация кылуу эмес, андан түшкөн кирешени пайдалануу жөнүндө болууда. Бирок Батыш өлкөлөрү тоңдурулган каражат акыры Украинаны калыбына келтирүү үчүн жумшалышы керек экенин белгилеп келишет.

Сүрөттө: АКШнын каржы министрлиги. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты