Financial Times аныктамасы боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү мыкты эс алуучу 50 өлкөнүн катарына кирди
- 3 недели мурун
2025-жылы Кыргыз Республикасы Financial Times авторитеттүү басылмасынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты эс алуучу 50 багыттын катарына кирди.
Бул тууралуу 2025-жылдын 24-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы – Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында туризм, маданият жана спорт тармактарындагы жетишкендиктерге жана өнүгүү келечегине арналган баяндамасында билдирди.
“Кыргызстандын туристтик багыт катары эл аралык аброю дагы бир топ жогорулап жатат. 2025-жылы Кыргыз Республикасы Financial Times авторитеттүү басылмасынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты эс алуучу 50 багыттын катарына кирди. Мындан тышкары, Кыргызстан The Guardian абройлуу британиялык басылмасы тарабынан этникалык туризм үчүн эң мыкты багыттардын бири деп табылды» деп белгиледи МинКаб башчысы.
Касымалиев тоо-лыжа кластеринин курулушу башталганын билдирди.
-Ири инвестициялык долбоордун алкагында «Ала-Тоо Резорт» төрт мезгилдүү тоо лыжа кластеринин курулушу башталды. Бул масштабдуу туристтик-тоо лыжа кластери Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан жана жалпы аянты 3 916 гектарды түзгөн үч зонаны – Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учукту камтыйт.
Туристтик сектордо Ысык-Көл округун жана Чолпон-Ата шаарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бардык санаторийлер, пансионаттар, мейманканалар жана пляждар тейлөө сапатын жогорулатуу менен белгиленген стандарттарга ылайык этабы менен келтирилет, -деди Касымалиев.
Иллюстрациялык сүрөт: Каракол лыжа базасы




