Филиппинде жер титиреп, 70тей киши көз жумду
- 1 год мурун
Бүгүн, 1-октябрда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00дө Филиппинде жер титиреп, болжолдуу маалымат боюнча 69 киши көз жумду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Себу провинциясынын жээгинен анчалык алыс эмес болуп, күчү 6,9 баллга жеткен. Аталган провинциянын жетекчилери 150дөй киши жабыркаганын билдиришкен.
Себу провинциясында өзгөчө абал жарыяланып, электр жарыгын калыбына келтирүү, жабыркагандарга жардам берүү аракеттери көрүлүүдө.
Сүрөт: Ted Aljibe / AFP / Scanpix / LETA
Муну бөлүшүү




