Февраль айында Министрлер кабинетинин биринчи көчмө жыйыны Баткенде өтөт

  • 2 года мурун

Февраль айынын экинчи жарымында Министрлер кабинетинин биринчи көчмө жыйыны Баткен облусунда өтөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу боюнча кеңешмеде билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө 62 преференциалдык чек ара конуштарынын тизмеси бекитилип, аларга айрым салык, жер, экономикалык жана башка жеңилдиктер берилери айтылды.

«Министрлер Кабинети жеңилдетилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан тышкары, Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан 62 айылынын тургундарынын пенсиясын 2 миң сомго көтөрөт. Ошондой эле жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү, чек арага жакын жайгашкан 62 айылда жашаган социалдык кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү да каралууда» деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Баткен облусу коңшу республикалар менен чек аралаш тилкеде, борбор шаар Бишкектен эң алыс жайгашкан аймак. Соңку күндөрү облустун айрым айылдарында чек арадагы жер талаш окуялары катталууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты