Фейсбук колдонуучу кармалды

Фейсбук колдонуучу С.Ж,  12-февралда кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) тарабынан фейсбук аккаунтунун «Сыргак Жолдошов» аттуу ээси кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын жетекчилерине негативдүү маалыматтарды таратып, алардын кадыр-баркына доо келтиргендиги айтылат.  

Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси, майда бейбашчылык  боюнча каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Кармоо учурунда Ж.С. ал милиция кызматкерлерин сөгүп, мыйзамдуу талаптарына баш ийген эместиги белгиленди.         

Сүрөт: Бишкек ИИББ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты