Фамилияны өзгөртүү, тандоону кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору ЖК комитетинде 1-окууда каралды     

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин транспорт, коомуникация жана курулуш комитетинин кезектеги жыйынында Үй-бүлө кодексине, Жарандык акты тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.  

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Мирлан Самыйкожо, Нурланбек Шакиев, Аманкан Кенжебаев. 

Депутат Нурланбек Шакиев мыйзам долбооруна ылайык, фамилияны кыргыздын каада-салтына, маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияны оңдоо, тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү сунуштары берилгенин айтып өттү. Буга чейинки  -ов, ев, ова, -ева, -уулу, -кызы деген фамилиялар кала берери, кеңейтилип гана жатканы белгиленди.

-Чоң атасынын атына жазылганда чоң атасынын атына мүчө уланбастан, ата-энесинин каалоосу менен, атасынын атынан кийин эркек балдарга “уулу”, кыздарга “кызы” деген сөз жазылат. Экинчи вариант чоң атасынын атына жазылганда, “теги” деген сөз ажыратылбай жазылат, мисалы Самыйкожотеги, Бактыбектеги, (ата-энесинин каалоосу менен), атасынын атынан кийин эркек балдарга “уулу”, кыздарга “кызы” деген сөз жазылат. Чоң атасына жазылганда “теги” деген сөз ажыратылбай чогуу жазылганда, эркек балдарга илик жөндөмөсүндөгү мүчөсү “дын/тын”, “дин/тин”, “дүн/түн”, ал эми кыздар үчүн “ чыгыш жөндөмөсүнүн негизинде “дан/тан”,   “ден/төн”, атасынын атына уланып, чогуу жазылат. Мисалы Бактыбегтеги Үсөн, Бактыбектеги Үсөн Жакшылыктын, Бактыбектеги Нургүл, Бакытбектеги Нургул Жакшылыктан ж.б.

Бактыбеков Үсөн Жакшылыкович;

Бактыбек уулу Жакшылык Үсөн;

Бактыбек Үсөн;

Бактыбектеги Үсөн Жакшылык уулу;

Бактыбек теги Нургүл Жакшылык кызы;

Бактыбектеги Үсөн Жакшылыктын;

Бактыбектеги Нургүл Жакшылыктын.

Депутат Исхак Масалиев бул маселеде депутаттар эле бул маселени карай бербей. тил комиссисиясын да тартуу сунушу берилди. Тил комиссиясынын өкүлү “теги” “тегин” сөздөрдүн маанисин айтып өттү.  

Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынып, кийинки окууларда тактоо маселеси айтылды.

Сүрөттө: мыйзамдын демилгечиси Мирлан Самыйкожо. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты