EXPO 2025: Япониянын Осака шаарында Кыргызстандын “Улуттук күнү” белгиленди
- 1 год мурун
6-июнда Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан “ЭКСПО 2025” эл аралык көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын “Улуттук күнү” салтанаттуу түрдө белгиленди.
“Ray Garden” залында кыргыз өнөрпоздору классикалык, элдик жана эстрадалык жанрларда концерт беришти. Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов куттук сөз сүйлөдү.
Концертте “Үркөр” ансамбли, “DBillions” тобу жана белгилүү ырчылар Камбар Календеровдун “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү, элдик жана классикалык чыгармаларды аткарышты. Ошондой эле, “Дилбар” мода үйүнүн көргөзмөсү болду.
Маданий программа “DBillions” тобунун “Welcome to Kyrgyzstan” ырын аткаруусу менен жыйынтыкталды.
Муну бөлүшүү




