Европа кеңеши Россиянын мүчөлүгүн токтотту

  • 2 года мурун

Европа кеңеши 16-марттан баштап Россиянын мүчөлүгүн токтотту.   

Бул тууралуу Европа кеңешинин билдирүүсүнө шилтеме берип, РБК билдирди.

Маалыматта Европа кеңешинин саясий иштер жана демократия боюнча парламенттик ассамблея комитети кеңештин курамынан Россияны чыгаруу боюнча долбоор даярдаганлыгы айтылат. Долбоордун авторлорунун айтымында, “Россия уюмдун катышуучу-өлкөсүнүн статусуна туура келбеген иш-аракет жасады”. Алар Украина менен тилектеш экендигин билдиришти.

Өз кезегинде Россия Европа кеңеши Украинадагы операциянын башталышын жана жалпы эле уюмдагы абалды туура көрбөй тургандыгын билдирди.   

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты