Эрулан Көкүлов: Бизде аферисттер “гүлдөп турган” маал экенин Гүлзат Мамытбектин мисалында билсек болот

  • 1 год мурун

Бүгүн, 30-ноябрда. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эрулан Көкүлов элди алдап кеткен Гүлзат Мамытбекке кандай чара көрүлгөнүн ИИМ өкүлүнөн сурады.

-Гүлзат Мамытбек эмне болду? Гүлзат Мамытбек азыр бийлеп-ырдап ЦУМдун алдында, «Инстаграммда» жүрөт. Бул бизде аферисттер ырдап-бийлеп, жыргап жүрөт дегенди түшүндүрөт. Мен Жогорку Кеңешке келгенге чейин, пандемия маалында муну изилдеп, канча кишини алдап кеткенин, (10дон ашык кишини алдап кеткен) Москвага барып, эки жыл чардап жашап келип, ошол акчалардын баарын коротуп, бул жактан соттон не чечим менен чыкты, мен билбейм. Бизде аферисттер «гүлдөп турган» маал экенин Гүлзат Мамытбектен билсек болот,-деди депутат Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ИИМдин өкүлүнө.  

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул маселени тактап, жообун кат жүзүндө депутатка жиберээрин айтты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты