Эрназар Акматалиев дүйнө чемпиону болду

  • 2 года мурун

Кыргызстандык балбан  Эрназар Акматалиев 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду.

70 килограмм салмакта күрөшкөн Эрназар Акматалиев финалдык беттеште армениялык Вазген Теванянды утуп алды. Кармаш 10:2 эсеби менен аяктады.

Дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.

Бул аталган мелдеште Кыргызстандын командасы үчүн үчүнчү байге. Буга чейин 57 килограмм салмакта ат салышкан Бекболот Мырзаназар уулу күмүш байге утту.

Ал эми кечээ кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта чемпион болуп, алтын медаль уткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты