Эркин журналист Ыдырыс Исаков милицияга сурак берип чыкты

  • 1 год мурун

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу журналист өзү билдирди.

Ал суракта эмнелер тууралуу сөз болгонун ачыктаган жок.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун милицияга чакыртылганы тууралуу түшүндүрмө берип, ал күбө катары суралганын билдирди.

«Өткөн жумада Тик-Ток социалдык түйүнүндө «Альберт» (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу «Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген башкы темада кыскача видеоролик жарыяланган. Анда Ыдырыс Исаковдун видеокайрылуусу дагы колдонулган. Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ыдырыс Исаков Ош милициясынын тергөө кызматына 5-февралда күбө катары чакырылды. Исаков «Альберт» деген атуулду тааныбасын, ал жерде колдонулган видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан бейтааныш адамдар монтаждап жасаганын, «уйгур мафиясын» билбесин айтты. Күбө катары суралган Исаков милицияда бир саатка жетпген убакыт болду», — деп жазылган маалыматта.

Кечээ, Ыдырыс Исаковго алгач Ички иштер министрлигинен байланышкан, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалганын маалымдаган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу көрсөтмө берүүнү талап кылышкан. Журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатат. Анда Ыдырыс Исаков Садыр Жапаров камакта жаткан маалдагы видеолорунун биринде сыпаттама берип сүйлөгөн.

Ыдырыс Исаков бир нече жыл “Азаттык” үналгысында иштеп, иликтөөлөрдү жазган. 2019-жылы  өз алдынча кетип, жеке Ютуб каналын ачкан. Анын 417 миң катталуучусу бар.

.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты