Эркин экономикалык аймактар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- 2 года мурун
Садыр Жапаров 2024-жылдын 20-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө” (ЭЭА) мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Кабыл алынган мыйзам менен эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ЭЭА аймагында, ошондой эле ЭЭА субъекттерине иштин айрым түрлөрүнө тыюу салынат.
Анын ичинде төмөнкү ишканалар иштери кирбейт:
— 2000-жылга чейин катталган ЭЭА субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, ТЭИ ТН 2402 коду менен классификациялануучу тамеки продукцияларын;
— ЭЭА субъекттери катары катталган датасына карабастан, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысы менен ЭЭА субъекттери катары катталган субъекттер деп ырасталуучу жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ЭЭА ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптарга ылайык келген ЭЭА субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып чыгууну милдеттүү чектөө талабы менен ТЭИ ТН 2404 жана 8543 40 000 0 коду менен классификациялануучу никотин камтылган продукцияны, бир кутуда никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук тутумдарын, электрондук сигареттерди жана ушуга окшогон жекече электрдик буулануучу түзүлүштөрдү (никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумдары) же ТЭИ ТН 2202 кодундагы, курамында кант кошулмаларын же башка таттуу даам берүүчү, же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды чыгарган ишканалар.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




