Эргешбаева: БШКнын парламенттеги аялдар квотасы чечимине сот баа берсин (ВИДЕО)   

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн. Ага ылайык, үч мандат алган партиядан — 1, жети мандат алган партиядан — 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

Натыйжада БШКнын чечимине ылайык:

«Ата-Журт Кыргызстан» – 15 мандаттан 5 депутаттык мандат аял;            

«Ишеним» – 12 депутаттык мандаттан -4 депутаттык мандат аялга;

«Ынтымак» – 9 депутаттык мандат болсо, 3 депутаттык мандат аялга;

«Альянс» – 7 депутаттык мандат болсо, анын 3 депутаттык мандаты аялга;           

«Бүтүн Кыргызстан» –6 депутаттык мандаттан — 2 депутаттык мандат аялга;                  

«Ыйман Нуру» – 5 депутаттык мандаттан 2 депутаттык мандат аял талапкерге берилет.

БШКнын шайланып келген талапкерлер арасында гендерлик квотанын сакталышы боюнча чечими мыйзамдуубу?

Бул тууралуу “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө юрист, эксперт ТАТТУУБҮБҮ ЭРГЕШБАЕВА сөз кылат.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты