Эреже бузган айдоочудан жеринде тест алуу мыйзам долбоорун президент чакыртып алмакчы
- 2 месяца мурун
Ички иштер министрлиги (ИИМ) жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде планшет менен тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен президент чакыртып алат.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасында билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү тапшырманы Ички иштер министрлигине (ИИМ) президент Садыр Жапаров бул демилгеге карата коомчулук тарабынан ынанымдуу сын-пикирлер айтылганын эске алып берди.
4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов мыйзам менен тааныштырып, буларды белгилеген:
-Мыйзам долбоору менен жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардын билим деңгээлин укук бузуу катталган жерде текшерүү сунушталууда. Мында укук бузуу атайын техникалык каражаттар аркылуу автоматтык түрдө катталган учурлар эске алынбайт. Бул чара айдоочулардын билиминдеги кемчиликтерди ыкчам аныктоого, өз убагында алдын алуу чараларын көрүүгө, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин туруктуу сактоо көндүмдөрүн калыптандырууга өбөлгө түзөт,-деди.
Мыйзам долбоорунда Укук бузуулар жөнүндө кодекске жаңы 382-беренесин киргизүү каралып жатат. Анда жол кыймылынын коопсуздугунун айрым бузууларын жасаган айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүүнүн негиздери жана тартиби, ошондой эле текшерүүдөн өтпөй калган учурда анын укуктук кесепеттери белгиленген.
Депутат Дастан Бекешев аталган демилге коррупциялык көрүнүштөргө жол ачышы мүмкүн экендигин билдирип, жол кырсыктарын азайтуу үчүн жол инфраструктурасын жакшыртуу керектигин белгиледи.
Депутат Гуля Кожокулова сунушталып жаткан ченемдер бир эреже бузуу үчүн кош жаза белгилөөгө алып келерин айтып, айдоочудан бир эле учурда айып пул алынып жана айдоочулук билими текшерилип жатат,- деди.
Депутат Сеидбек Атамбаев мыйзам долбоорунда сунушталган ченемдерди ишке ашыруу механизмдерин тактап, мындай демилге жол кыймылынын эрежелери боюнча квалификациялык экзамендерди массалык түрдө кайра тапшыруу коркунучун жаратышы мүмкүн экенин айтты.
Депутат Айсаракан Абдибаева жол эрежелерин биринчи кезекте ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери так билиши керектигин белгиледи.
Депутат Гүлшаркан Култаева айдоочунун билими кайсы эрежелерди бузган учурда гана текшерилерине кызыкты.
Ички иштер министринин орун басары мыйзам долбоорунда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 182-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрүндө, 185-беренесинде, 187-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 188-беренесинин 3, 4 жана 5-бөлүктөрүндө, 189-беренесинин 1-бөлүгүндө, 192-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 194 жана 195-беренелеринде көрсөтүлгөн укук бузууларды жасаган айдоочулардын билими жеринде текшерилерин билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кайрадан талкуулоо үчүн күн тартибинен алып туруу чечимин кабыл алышты. Аталган сунушту депутат Эльвира Сурабалдиева киргизди.
Коомулук да социалдык тармакта бул мыйзам долбооруна киргизилип жаткан сунуштарга каршы пикирлер айтылып жаткан.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




