Эпштейндин иши: Дүйнөдөгү таасирдүү жана бай адамдардын аброюна көлөкө түшүрдү

30-январда АКШнын Юстиция министрлиги Эпштейндин иши боюнча архивди ачыкка чыгарган.  Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар, анын ичинде Meduza басылмасы жазды.

Жеффри Эпштейн бай жана таасирдүү финансист болуп, кийинчерээк секс кылмышкер аталып, түрмөдөн өзүнө кол салып көз жумган деп айтылат.

Эпштейндин архиви — анын ишин иликтөө учурунда табылган үч миллиондон ашык бетти, 180 миң сүрөттү, 2 миң видеону камтыган эң чоң архив. Юстиция министрлиги ушуну менен 2025-жылдын ноябрь айында жарыялоого убада кылынган милдетин аткарганын билдирген.  

Эпштейндин иши боюнча жалпы алты миллиондук беттин 3,5 миллиондой бет материалы ачыкталган, калганын ар кандай себептер менен жарыялоого болбой турганы айтылды, анын ичинде Эпштейнден жана анын жардамчысы Максвелдден жабыр тарткандарды коргоо максатында да ачыктоого болбой турганы белгиленет.  

Эпштейн Кариб деңизиндеги жеке аралда ар кандай кечелерди уюштуруп, жаш кыздарды секс кулчулукка алып, дүйнөдөгү таасирдүү адамдарды ыплас иштерине тартып тургандыгы белгиленет.

Эпштейндин архивинде АКШнын президенти Дональд Трамп, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон, дүйнөдөгү эң бай адам Илон Маск, Улуу Британиянын королу Карл III түн бир тууганы Эндрю, Норвегиянын крон-принцессасы Метте Марит, миллиардер, Virgin Group негиздөөчүсү, миллиардер Ричард Брэнсон, кинорежиссер, Бретт Раттнер, АКШнын соода министри Говард Лютник, Кремлге жакын делген “Наши” кыймылынын мурдагы басма сөз катчысы Мария Дрокова, орусиялык оппозиционер Илья Пономарев, орусиялык дипломат Виталий Чуркин, ишкерлер Владислав Доронин,  Умар Жабраилов ж.б. аттары аталат.  

Эпштейн ким болгон?

Жеффри Эпштейн америкалык финансист, анын байып кетиши күмөндүү деп саналган. 1990-2000-жылдары  ал АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон, Улуу Британиянын принци Эндрю, миллиардер Билл Гейтс, Американын болочок президенти Дональд Трамп өңдүү таасирдүү жана бай адамдар менен тааныш болгон  

Өзү көптөгөн аялдар менен сексуалдык байланышта болуп, башкаларга да көңүлдөш таап берип турганы айтылат. Кийин бул адатка айланып, Гилейн Максвелл менен бирге жаш кыздарды сексуалдык байланыш үчүн таап берип турушкан.

2005-жылы Эпштейнге жашы жете электерди ыплас ишке тартууга, адамды соодалоого баргандыгы боюнча айыптар коюлган.  Бирок ал убакта 13 ай түрмөдө жатып, чыгып кеткен. Кайра 2019-жылы кармалган. Ал эми бир айдан кийин Эпштейн түрмөдөн өзүнө-өзү кол салып, каза тапканы белгилүү болгон. Анын досу Гилейн Максвелл 2022-жылы 20 жылга соттолгон. Ал Эпштейн менен бирге сексуалдык кулчулукка тартып турган кыздардын айрымдарынын жашы 14тө болгон.

Эпштейн өзүнүн кардарлары тууралуу маалыматтарды жазып, топтоп жүргөн, аны ошол себептен өлтүрүп коюшкан деген сөздөр жүргөн.  

2025-жылдын ноябрь айында Дональд Трамп Эпштейндин архивин жарыялоо жарлыгын чыгарган.  

Сүрөттө: Дональд Трамп, Жеффри Эпштейн жана белгисиз айым. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты