Эне-баланы коргоо борборуна таандык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында 23 млн 270 миң сомду түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тергөөдө 2007-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук акимчилигинин кызматкерлери кызмат абалынан кыянат пайдаланып, саламаттык сактоо министрлигине караштуу эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикке бергендиги аныкталган.

Тергөө учурунда жарандардын жер тилкелерге болгон менчик укуктары жокко чыгарылып, мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгып кеткен кыймылсыз мүлк кайтарылды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты