Эмилбек Жороев: Бул шайлоодо да саясий өңүттөгү иш-аракеттер болду (Видео)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө политолог Эмилбек Жороев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, талапкерлер, саясий партиялар жана алардын программасы, оппозициялык айрым талапкерлерге кысым ж.б. тууралуу суроолорго жооп берди.

Оппозициялык талапкерлерге бир топ кысым болуп жатат деп айтылууда, сиз буга кандай дейсиз деген суроого Эмилбек Жороев буларды белгиледи:

-Тилекке каршы, менимче, бул шайлоо өнөктүгүндө да буга чейин болуп келгендей, саясий өңүттөгү  иш-аракеттер болбой койбоду. Бел байлап, бул ишке киришкенден баштап, Президент баш болуп, башка жетекчилердин баары таза шайлоо өткөрөбүз, бардыгына бирдей укук, бирдей мүмкүнчүлүк камсыздап беребиз деген сөздөрүн айтышты. Тилекке каршы кээ бир саясий салмактуу, күчтүү делген саясатчыларга карата суроо туудурган, анчейин мөөнөтү туура келбеген, кайсы бир деңгээлде тандалмадай көрүнгөн иш-аракеттер орун алып жатат.      

Кененирээк ВИДЕОДО:   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты