Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңеште ант берди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 2-мартта депутат Эмил Жамгырчиев парламентте ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Жамгырчиев президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына дайындалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алтынбек Сулаймановдун ордуна келди. Ал шайлоодо 4 607 добушка ээ болгон.

Эмил Жамгырчиев ИИМ академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча жана Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2014-жылдан тарта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында иштеп, 2017-2020-жылдары жетекчинин орун басарлыгын аркалаган. Кызматтан кетери менен пара алууга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Кийин мамлекеттик бюджетке 20 миллион сом төккөнү кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты