Эмил Жамгырчиев: “Арам ой менен Тилекматты колдосом, Кыргызстанга кайтмак эмесмин. Учурда Мекенимде жүрөм”
- 24 часа мурун
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев социалдык тармактарда тараган Тилекмат Куреновго байланыштуу анын дарегине айтылган сөздөргө жооп берди.
“Ооба, мен Тилекмат менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Үй-бүлөсү кыйналып жатканын айтып, жардам сураганда жок деген эмесмин. Акыркы жолу кызы ооруп жатканын айтып, дагы кайрылды. Буга чейин деле жараткандын сүйүктүү пенделери болгон өзгөчө балдарга кол сунуп келгем жана кол суна берем, Тилекматтын кызы да өзгөчө балдардын катарында экенин укканда жок дей алган жокмун. Атам ооруп жаткандыктан чет жакка чыгарымды айтсам, Бириккен Араб Эмираттарына билет алып берүүмдү суранып, ошол жактан кызына каржы жагынан жардам бере ала турган адамдар менен тааныштырып коюумду өтүндү. Дубайдан жолукканыбыз чын, колумдан келген жардамымды берип, чогуу тамактандык» деди Эмил Жамгырчиев.
«Көп өтпөй “Дубайда жүргөн видеоңду коомчулукка чыгарам, дагы акча бересиң” деп талап коюп баштады. Көрсө, буга чейинки сүйлөшүүлөрдү жаздырып, жолукканыбыздан бери видеого түшүрүп жүргөн экен. Бул Болот экөөнүн алдын ала даярдаган сценарийинин бир бөлүгү экенин эми билип отурам. Тилекмат менен Болоттун “паспорт уурдап кетти, сурак берип чыктым” деген жалган маалымат таратып, упай топтойбуз деген спектали суу кечпейт. Себеби БАЭ менен Кыргызстандын ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо тууралуу келишим жок. Менимче, бул билдирүүмдөн кийин эл өзү таразалап алат” деди Эмил Жамгырчиев.
Ошондой эле Тилекмат Куреновду арам ой менен колдобогонун айтты:
“Мен арам ой менен Тилекматты колдосом, Кыргызстанга кайтмак эмесмин, учурда Мекенимде жүрөм. УКМКга суракка чакырышты, бүгүн барам. Калыстык үчүн айтайын, Тилекматка «бийлик башындагылар сынды туура кабыл алып, куугунтуктабай тескерисинче, жаштардын энергиясын колдонушса болмок» деген сөздөрүмдү айткам” деди Жамгырчиев.
“Уят Тилекмат! Саясатчы, ишкер, жөнөкөй жарандарды каматканың аз келгенсип, мени дагы ошондой куйту ишиңе аралаштырба! Буга чейин деле мени каралап жүргөн Болот Темиров менен биригип, биздин жолугушуудан саясий тема табалы деген планыңарды аңдабай, өзгөчө кызыңа жардам берем деген аракетим үчүн өкүнүп отурам. Тактоо үчүн дагы бир жолу айтайын, мен Тилекматты бийликке каршы үгүттөп жардам берген эмесмин. Жөн гана адам катары жардам кылсам акыры ушуну кылды. Мамлекет издөөгө берген жаранды АКШ аймагынан чыкса кармап кетери айдан ачык. Муну мага байлап, мени каралооңор суу кечпейт” деп билдирди.
Активист Тилекмат Куренов (Тилекмат Кудайберген уулу) Фейсбук баракчасы аркылуу “Баары жакшы, бошотушту. Суракка алышты. Шашпай маалымат берем” деп билдирди.
Буга чейин социалдык тармакта, журналист Болот Темиров Дубайда Тилекмат Куреновдун паспорту жоголгонун жана ал өлкөдөн чыга албай жатканын кабарлаган. Анын АКШдан Бириккен Араб Эмираттарына, Дубайга келишине жана паспортунун жоголушуна мурдагы депутат Эмил Жамгырчиевдин тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алуу, мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине шектелип, Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновдун активдүү өнөктөштөрү кармалганын кабарлаган.
Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновго (Тилекмат Кудайберген уулу) бийликти күч менен басып алуу максатында жапырт башаламандык уюштуруу аракетине байланыштуу издөө жарыяланган. Бул факты боюнча “Бийликти күч менен басып алуу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.
Тилекмат Куренов болсо, АКШга чыгып кеткени маалым болгон. Ал эми Дубайда Тилекмат Куренов менен бирге жүрөт деген Эмил Жамгырчиевди Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Тергөө башкармалыгынын өтүнүчүнүн негизинде эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.
Өткөн жылы 27-декабрда Жамгырчиевге кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.
Сүрөттө: Эмил Жамгырчиев. Интернет булактарынан