Эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар Венгрияга тоскоолдуксуз кире алат   

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, «Европа Биримдиги-Борбордук Азия» Биринчи экономикалык форумунун алкагында Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды.

Маектешүү жүрүшүндө Петер Сийярто венгер тарап Кыргыз Республикасынын вакцина алуусу жөнүндө паспортторун таанууну чечкенин кошумчалады. Муну менен эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар Венгрияга тоскоолдуксуз кире алышат.

Мындан сырткары ал, 2022-жылы «Будапешт-Бишкек» түз аба каттамы ачыларын билдирди.

Садыр Жапаров Венгрия өкмөтүнө жана Петер Сийяртонун жеке өзүнө 4-октябрда Венгрияда Кыргыз Республикасынын элчилигин ачууга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Элчилик иштеп жатат жана жакынкы убакытта өлкөнүн элчиси дайындалат.

Мамлекет башчы ошондой эле Будапешт шаарында 4-октябрда Кыргыз-Венгер стартегиялык кеңешинин өткөрүлүшүн баалады.

Президент Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келүүгө чакырды.

Президент Жапаров биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун негизинде венгер-кыргыз фондунун уставдык капиталын 50 миллион АКШ долларына жеткирүүгө мүмкүн болоруна ишеним артты. 

Сүрөт: Президенттин басмс сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты