ЭлТРдин «ПолитКлиника» медиасына каршы сот отуруму өтүүдө (Видео)

Бүгүн, 6-июлда, саат 10:30да Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ЭлТРдин “ПолитКлиника” медмасына каршы сот иши улантылууда.

Сотто «ПолитКлиника» медиасынын адвокаттары Алтынай Исаева жана Нурбек Сыдыков «ПолитКлиниканын» журналисттеринин материалдарынын мыйзамдуулугуна токтолду.

Соттун жүрүшүнөн алынган түз эфир:

Бүгүн, 6-июлда, саат 10:30да Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ЭлТРдин “ПолитКлиника” медмасына каршы сот иши улантылды.

17-майда өткөн соттук отурумда толуктоолор, келтирилген доо мыйзамдык тартипте болушу керек деген негизде, ЭЛТРди доону толуктап алып келүү милдеттендирилген. Мындан улам соттук отурум 6-июнга жылдырылган.

6-июндагы сот иши 21-июнга жылдырылган. 21-июнда каоо арызды кароо 6-июлга жылдырылган.

4-февралда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин 31-январда жарыкка чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан. 

20-февралда ЭлТР аталган материал боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болгон. Андан кийин Биринчи май райондук сотуна да кайрылып, арызы кабыл алынган эмес. ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Ал эми буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “ЭлТР” телеканалынын “ПолитКлиника” медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке какканМаалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактарданалынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

«ПолитКлиника» медиасынын аталган материалы бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты