ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча соттук отурум 21-июнга жылдырылды

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 6-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май районунда ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы каралды.

 “ПолитКлиниканын” жактоочусу Алтынай Исаева доогер тарап сюжетти жокко чыгарууну өтүнгөндүктөн каршы пикирди жазуу түрүндө көрсөтөрүн айтты. «Доогер тарап сюжетти толугу менен жок кылууну өтүнүп жаткандан кийин, биз ар бир сүйлөмгө өзүбүздүн позициябызды билдиребиз», — деди Исаева.

Соттук отурум 21-июнга саат 14:30га жылдырылды.

17-майда өткөн соттук отурумда толуктоолор, келтирилген доо мыйзамдык тартипте болушу керек деген негизде, ЭЛТРди доону толуктап алып келүү милдеттендирилген. Мындан улам соттук отурум 6-июнга жылдырылган.

4-февралда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин 31-январда жарыкка чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан. 

20-февралда ЭлТР аталган материал боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болгон. Андан кийин Биринчи май райондук сотуна да кайрылып, арызы кабыл алынган эмес. ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Ал эми буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “ЭлТР” телеканалынын “ПолитКлиника” медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке какканМаалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактардан алынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

Буга чейин Свердлов райондук соту жана Биринчи май райондук соту ЭлТРдин арызын кабыл албай койгондугу маалым болгон.

«ПолитКлиника» медиасынын аталган материалы бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты