Электрондук тамекиге тыюу салуу мыйзамы 2025-жылдын июль айында күчүнө кирет
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда электрондук тамекини ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана пайдаланууга тыюу салган мыйзамга кол койду. 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына электрондук тамекини ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынат.
Электрондук тамекини пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө талаптарды бузгандыгы үчүн укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган. Электрондук чылым колдонгону үчүн жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып пул салынат. Электрондук тамеки саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган. Ташыгандарга 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Кыргызстанда 2021-жылдан тарта коомдук жайларда кальян, тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу бар.
Сүрөт: Интернет булактарынан