Электрондук тамеки тартууну чектөө керек. Парламенттеги сунуш  

  • 1 год мурун

Бүгүн, 2-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар маселелер айтылды.

Алсак, депутат Шаирбек Ташиев акыркы жылдары жаштар, айрыкча кыз-келиндер, арасында электрондук тамеки чеккендердин саны көбөйгөнүн эске салды.

 “Анын курамы кандай, ден-соолукка зыяндуулугу канчалык изилдеп, тескеген эч ким жок. Электрондук тамекилер негизинен Кытайдан келип, Кыргызстанда ээн-эркин эле сатылып жатат. Ден-соолугу чың коом гана өнүгүп-өсө аларын эске алганда ичине белгисиз суюктук куюлган мындай зыяндуу заттарды азыртан көзөмөлдөө керек. Электрондук тамекиге көз каранды бүтүндөй бир муундун жаралышына өбөлгө түзүп, кийин өкүнүп калбайлы” деди депутат.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Шарапаткан Мажитова коомчулуктан электрондук тамекини чектөөгө байланышкан сунуштар көп түшүп жатканын маалымдады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты